Каналга суу толуп, турак үйлөрдү каптап калуу коркунучунда турат - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Базар-Коргон районунун Бешик-Жөн айыл өкмөтүнүн Шерматов Закир көчөсүндөгү каналга суу толуп, турак үйлөрдү каптап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул каналдагы суудан айыл эли сугат жерлерин сугарышат. Каналдын бир тарабы тосулган, ал эми бир тарабы толсулган эмес. Жаан-чачын жааса, бул каналга суу толуп, канчалаган үйлөрдү каптап калуу коркунучунда турат. Бул каналды тереңдетип казуу иштери башталып, бирок аягына чыкпай калган,- дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.