Кубатбек Боронов Бишкектеги эпидемиологиялык абал тынчсыздандыраарын билдирди
Новость KTRK/videograp

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектин эпидемиологиялык абалы боюнча шаар мэриясынын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. 

Боронов шаарда түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырып жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылып жатканын айтты. Шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү дезинфекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор тууралуу маалымат беришти. 

Алардын айтымында, жума сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабуу, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароо, ишкерлик субъекттер менен коомдук жайларга барган жактардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу, коомдук транспорт, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү сунушталууда. 

Биринчи вице-премьер-министр муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин, турак жай менчик ээлеринин башчыларынын COVID-19 дартынын белгилери бар тургундар тууралуу маалымат берүү ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн эскертти.