Германия 16-июндан тартып, Евробиримдиктин жана Шенген Биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн мезгилдүү жумушчуларына өлкөгө келип, иштөөсүнө уруксат берет.
Германиянын Айыл чарба министрлиги жумуш берүүчүлөр санитардык талаптардын сакталышына кепилдик берет жана жумушчу топтордо бир эле адам ооруп калса, баары обочолонот деп билдирди. Ошондой эле, жаңы эрежелер 31-декабрга чейин күчүндө болорун кошумчалады.
Былтыр Германияда Румыния менен Польшадан барып, убактылуу болжол менен 300 миңге жакын жумушчу иштеген. Эпидемиянын кесепетинен сырттан келген жумушчулардын саны 80 миң адамдан ашпоосу керек экендиги айтылды. Ошол эле учурда Германияда жергиликтүү продукцияга суроо-талап көбөйүп, фермерлер кесиптик жардамга муктаж.