Тажикстанда санитардык эрежени сактабагандар эркинен ажыратылат
Новость KTRK/videograp

Тажикстандын парламенти айланадагы адамдарга коркунуч жараткан ооруларды жайылтканы үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун жактырды. 

Документте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган жарандарга карата да жаза каралган. Ага ылайык, көчөгө бет капсыз чыккандарга 11 доллардан 28 долларга чейинки өлчөмдө айып пул салынат. Бир эсептик көрсөткүч 58 сомониге же 5,6 долларга барабар. 

Мындан тышкары ЖМКларда жана соцтармактарда пандемия тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан жеке жактар 10дон 20га чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактар 150дөн 200гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөшөт. Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардардын саны 4763 кишиге жетип, 48 бейтап каза болду.