Ала-Бука районунун Совет-Сай айылындагы Центр көчөсүндө жамгыр жааган сайын көчөнү сел каптап, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Видео жөнөткөн автордун билдирүүсүндө, Мына мынтип жамгыр жааса эле, көчөдөн басканга мүмкүн болбой калат. Селдин суусу үйлөрдүн, бала бакчанын, мектептин короосун каптайт. Жолубузду өңүл-дөңүл кылып бузуп кетет. Бул селдин нугун буруп берүү үчүн айыл өкмөт менен акимчиликке да кайрылганбыз, жыйынтык жок. Сел келгенде мынтип тургундар кетмен көтөрүп, суу кечип, селдин нугун буруп убарабыз. Өкмөт башчы ушул маселени чечип берип койсо жакшы болот эле,- дейт билдирүүсүндө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.