Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан Дача Лучта жашаган жашоочулар көйгөйлүү маселелери менен "Элдик репортерго" кайрылышкан. Биз жашап жаткан жерде мыйзам деген жок. Дачага Манзова Наталя деген айым төрөга болуп шайланган. Ал өз билемдике салып, жасалма документтер менен жерлерди элдерге сатат. Эч ким ага сүйлөй албайт. Бул жерде каралбай калган участоктор көп, ошол жерлерди сатып акчасын жээйт. Бизге болсо колуңардан эч нерсе келбейт дейт. Бул дача эч бир айылга карабайт. Жашаган тургундардын учету жок. Жогору жактагылардан суранат элек, Дача Лучту Милянфан айыл өкмөтүнө кошуп, айыл деген макама алып берүүлөрүн суранабыз,- дейт ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.