Новопокровка айылынын тургуну "Элдик репортерго" көйгөйлүү маселе менен кайрылган. Анын айтымында, Чоң трассадагы арык менен суу келип, Горький, Ысык-Ата көчөлөрүндөгү арыктан агып келип, дренаждык каналга суу куюлчу. Бул жакта жашаган тургундун тосмосунун алдынан суу өткөндүктөн, анын тосмосу кулап калып, арыкты тосуп салган. Ошонун кесепетинен Ысык-Ата көчөсүн суу капатап жатат. Караган эч ким жок, күндө жол оюлуп, тереңдеп, жолду жээп жатат. Айыл өкмөт ушул маселени чечип, түтүк өткөрүп, дренажка агып түшкөндөй кылып, жасатып койсо жакшы болот эле,- дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.