Селден улам Шарт жайлоосуна бара жаткан жол бузулуп, айыл эли түйшүк тартууда
Новость

Ош облусунун Алай районундагы Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жааган жамгырдын кесепетинен, сел жүрүп, Шарт жайлоосуна бара жаткан жолду жаап калган. Автордун айтымында, Айыл өкмөт, акимчилик, Алай жол башкармалыгы элден кабар алып койгон да жок. Көрүп эле жатышат сел жүрүп жатканын. Кечээ жакында эле айыл өкмөткө кайрылганбыз, бир басып келип койгон да жок. Элди ойлогон эч ким жок, - дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.