Ысык-Көл облусундагы санитардык эпидемиологиялык абал - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Ысык-Көлдө туристтик сезон башталгандыктан, тиешелүү кызматтар эс алуу жайларын текшерип, санитардык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу онлайн-брифингде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова билдирди. Аймакта 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 19 балдар лагери, 3 реабилитациялоо борбору бар. Эс алуу жайларынын баары атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде гана ачылып, талапты аткарбагандар иштебей турганы эскертилди. Ушул тапта аймакта коронавирус жуктуруп алгандар 25 адамды түзөт.  

“Алгоритмде көрсөтүлгөн талаптардын баары аткарылып, эс алуу жайларына тапшырмалар берилүүдө. Көзөмөл катуу болот. Ошол эле учурда эс алуучуларды да Саламаттык сактоо министрлиги айтып жаткан эрежелерди сактоого чакырып кетет элек",- деди Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова.