6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

 Бишкек ш. – 4

 Чүй облусунда – 2

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 9 медкызматкер айыгып чыгарылды.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.