Акыркы бир айдан бери Тоң районунун активисттери көлгө мыйзамсыз салынган торлорду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Экологияны сактоо демилгеси жаштардын колдоосуна ээ болуп буга райондогу бардык айыл жаштары тартылууда. Алар өз каражатына моторлуу кайыктар менен көл үстүнө чыгып браконьерлер тарабынан салынган торлорду алып чыгышууда. Бул иш- чара жергиликтүү атайын кызматтардын адистеринин көзөмөлү алдында жүрүп жатат. Жаштардын билдирүүсүндө иш-чаранын негизги максаты - көлдөгү балык корун сактоо, көлдү зыяндуу заттардан арылтууну көздөйт. Активисттер көзөмөл күчөтүлүп, тазалык иштери мөөнөтсүз улана берет дешет.
“Жаштар демилге көтөрүп, экотехинспекция прокуратура кызматкерлери менен чогуу иштеп атабыз. Буюрса жыйынтык жакшы, бул жолу мына 2 км тор алынды көл ичинен. Өткөндө да бир сыйра тазалаганбыз. Ушундай аракеттер тынбай көрүлүп турса эле көлүбүздү таза кармай алабыз деп ойлойм. Барына кайрылып кетет элем, жерибиздин бермети болгон Ысык-Көлүбүздүн табиятын таза сактоого аракет кылалы", - дейт Күн-Чыгыш айыл аймагынын тургуну Мирлан Ордобаев.