Индияда сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 10 миңдей адамдан аныкталып, жалпы саны 286 миң 579 учурга жетти.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана үй-бүлөлүк бакубатчылык министрлиги маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазды. Жонс Хопкинс университетинин эсептөөсүнө караганда Индия дүйнөдө илдетти жуктургандардын саны боюнча бешинчи орунга чыкты. Министрликтин маалыматына ылайык, Индияда 137 миң 448 адам дарыланууда, 141 миң 28 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Ал эми 8 миң 102 адам каза болгон. Индиянын Махараштра штатында 94 миң 41 жаран илдетке кабылып, оорулуулардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Андан кийин Тамилнад штатында 36 миң 841 бейтап дарыланууда. Үчүнчү орунда Дели шаары, ал жерде 32 миң 810 жаран коронавирус жуктурган.