Коронавирустун белгилери байкалса 118 номерине чалгыла!
Новость

Бишкекте ыкчам байланыш номеринин жардамы менен коронавируска чалдыккан 157 адам аныкталды. Атайын уюшулган "118" кыска номерине көптөгөн чалуулар болуп жатат. 

Жарандар ал аркылуу адистерден кеңеш алышат. Баарлашууда кайрылган адамда кооптуу илдеттин бар экенине шек жаралса, дарыгерлерден турган ыкчам топ жиберилет.