Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 52 жаштагы бейтап Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан. Өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 27 кишини түздү.
Ал эми, 13-июнга карата Кыргызстан боюнча COVID-19 инфекциясына чалдыккан жаңы 41 учур катталды. Ошондой эле, сутка ичинде 54 адам вирустан айыгып чыкты. Жуктургандардын жалпы саны 2207 жетсе, алардын 1722 оорудан сакайып кетишти.