Н.Усенбаев улуу муундагы адамдарга кайрылуу жасады
Новость

Коронавирустан аяр катмарда кары-картаңдар турат, биз аларды коргоп калышыбыз керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, чет өлкөнүн тажрыйбасы дагы улгайгандарды илдеттен коргоонун натыйжалуу жолу обочолотуу, элге көп аралаштырбоо болуп саналарын көрсөтүп турат. 

Буга чейин дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү коронавирусту жаш балдар жана улуу муундагы адамдардын жугузуп алуу коркунучу бир топ жогору экенин айтышкан.

 «Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, беткап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар», - Н.Усенбаев.