Коомдук транспортто вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Улуу муундагы жарандар жана иммундук тутуму начар жарандар санитардык талаптарды сактоо менен мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алуусу керек.
Эгерде көчөгө чыксаңыз, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, беткап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыз. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги абдан чоң - деди башкы санитардык дарыгер. Ошондой эле ал эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабоого чакырды.