COVID-19: Бир суткада жаңы 78 учур катталды
Новость KTRK/videograp

POST#RIGHTӨткөн сутка ичинде COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жаңы 78 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык штабдын брифингинде билдирди. Маалыматка ылайык, алардын 50сү Бишкек шаарынан болсо калгандары башка облустардан катталган. Ал эми бир сутка ичинде ооруканалардан 69 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 285 адамга жетти. Анын ичинен 438и медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1791 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 27 адам каза болду.