Коронавирус: Өмүрүңдү тобокелге салба - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Дүйнөнүн эң ири делген өлкөлөрүндө коронавирус оорусу күч алып жаткан учурда илдетке анча маани бербей жаткан Бразилияда ушул тапта каза болгондордун саны боюнча үчүнчү орунга, ооругандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. 

Ал эми пандемияга ушул күнгө чейин калктын 30% дан ашыгы ишенбей келген АКШ биринчи орунда, 2 млн 42 миңден ашык оору жуккан учур катталды. Швецияда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Covid-19 вирусун жуктуруп, көз жумгандардын саны жогорулап кеткенде, башында вирусту тоготпой ката кетиргенин моюнга алды.