COVID-19: чогулган каражаттын суммасы айтылды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн өкмөттүн атайын эсебине жеке жана юридикалык жактардан канча каражат түшкөнү айтылды. 

Буга чейин өкмөт тарабынан эки атайын эсеп ачылган. Бири Саламаттык сактоо министрлигине, ал эми экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине таандык. Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэриясынын да атайын эсеби бар. Ага ылайык, 13-июнга карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 138 миллион 842 миң 655 сом түшүп, анын 126 миллион 838 миң 576 сому керектелген. 

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 13-июнга карата 17 миллион 425 миң 952 сом которулуп, анын 16 миллиондон ашыгы гумжардамга сарпталган. Бишкек шаардык мэриясынын атайын эсебине 7 миллион 96 миң 326 сом келип, анын 5 миллион 920 миң 323 сому коротулганы анык болду. Чогулган каражатты Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кененирээк биле аласыз.