Кытайда коронавирус жуктургандар кайра көбөйдү
Новость KTRK/videograp

Кытайдын бийлиги жекшембиге карата 57 адамдан коронавирус аныкталганын, бул акыркы эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч экенин билдирди. 

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда жаңы катталгандардын 36сы Пекинде табылган. Бул ирет вирус өлкө ичине жайылган деп таанылды. Инфекциянын кескин таралуусун баш калаадагы «Синьфади» азык-түлүк базарынын иштешине байланыштырышууда. 13-июнда базар жабылып, айланасындагы 11 турак жай кварталына обочолонуу режими киргизилди.

Жети аптадан бери Кытайда коронавирус күнүнө бирин-экин же таптакыр катталбай калган. Алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумган.