Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Коронавирус дагы 87 адамдан табылды. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ал коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде эрежени так сактоого чакырды. Соңку суткада илдетке кабылгандардын арасында ооруну кимден жугузганы белгисиз бейтаптар бар. Ошондой эле, 531 адам ооруканаларда дарыланууда. 27 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Март айынан бери коронавируска 2372 адам чалдыгып, алардын 1813ү сакайды. Оору 27 адамдын өмүрүн алды.