Бүгүн борбор калаадагы "Аламүдүн" базары дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. Базардын аймагындагы соода түйүндөрү жана башка ишкердик субъектилери менчигинин түрүнө карабастан ишин убактылуу токтотту.
Курманжан датка, Буденный, Муса Жалил көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектешкен аянтча жабылды. Бир күн бою башкы санитардык врач Кубан Кундашевдин көзөмөлү алдында санитардык чаралар күчөтүлүп, дезинфекциялоо иштери жасалат. Буга чейин 10-13-июнь күндөрү "Орто-Сай" базары да жабылып, ӨКМ кызматкерлери 11 миң чарчы метр жерди залалсыздандырылган.