2020-жылдын 16-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 472 учурга жетти.
Стационарда – 597, алардын ичинен реанимацияда – 6;
Ооруканадан чыгарылды – 1847;
Каза тапты – 28;
Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 1 бейтап (85 жаштагы аял киши).
Ошондой эле, Ош облусттук бириктирилген ооруканасында бир бейтап COVID-19 вирусу тастыкталганы менен, рак оорусунан каза болду (эркек киши, 53 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 28 кишини түздү.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 5;
Чүй облусунда – 1;
Ош ш. – 3;
Ош облусунда – 1;
Нарын облусунда – 3;
Талас облусунда – 1;
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 474 учур катталды, алардын ичинен 359 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Жаңы катталган 100 учурдун ичинен:
Сырттан келгендер – 9 (9%);
Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 53 адам (53%);
Кайдан жуктурганы белгисиз – 38 учур (38%).
️ Ден соолугуңузду тобокелге салбаңыз!
️ Адамдар көп чогулган жерлерге барбаңыз!
️Үйдөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгыңыз!
️Беткап тагынуу тартибин, аралыкты жана гигиена эрежелерин так сактаңыз!