Ушул тапта дүйнөнү каптаган COVID-19 вирусунан көз жумгандардын саны Кыргызстанда 27 учурга жетти. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы Айчүрөк Самакова да бар. Ал 67 жашында көз жумду. Мыкты жетекчи, тажрыйбалуу мугалим, мээримдүү эненин бейнесин жакындары, кесиптештери кабыргасы кайышуу менен эскеришет.
Айчүрөк Самакованын сүрөтү өзү жетектеп келген Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын кире беришине илинген. Кесиптештери, жакындары дагы деле анын аалам кесип, түбөлүктүү жайына кеткенине ишенише элек. Мектеп жамааты бул жерге бир маал келип, Айчүрөк айымдын сүрөтүн карамайынча кетишпейт.
Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы деген наамдарга татыган Самакова эл агартуу тармагында 34 жыл иштеген. Дарыгерлердин айтымында педагог 2, 3 күн үйүндө ооруп жаткан, андан соң 5-июнда гана ооруканага кайрылган. Эки күндөн кийин абалы оорлошуп, ажал арадан алып кетти.
Самакова ар дайым изденүүнүн үстүндө болуп, алдыга көптөгөн пландарды коюп келген. Алардын сап башында мектепке кошумча жаңы имарат курдуруу максаты бар эле дешет кесиптештери. Ал эми агартуучунун жакын курбусу ал үй-бүлөдө мээримдүү эне, достукка бекем айым болгонун эскерет.
Айчүрөк Самакова 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. Үч кызды тарбиялап турмуш жолуна узаткан. 1986-жылдан бери Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектебинде биология мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, кийин директору болуп иштеди. Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы орто мектептер менен байланыш түзүп, өзү жетектеген мектептен ондогон окуучуну ар кандай программа менен олимпиадаларга жиберип турган.