Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алуу булагы белгисиз учурлар арбыды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан дагы эки адам кайтыш болуп, 100 киши жуктуруп алды. 32 бейтаптын абалы оор болсо, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал арада коронавирусту жуктуруп алуу булагы белгисиз учурлар арбыды. Андыктан дарыгерлер, улгайган курактагыларды коомдук жайларга барбай тургула деп эскертип жатат.