Мэрия батут, велосипедди ижарага берүү жана башаламан соода кылууга тыюу салды
Новость KTRK/videograp

Бишкекте санитардык коопсуздукту сактоо максатында балдар батуттары, велосипедди ижарага берүү жана башаламан соода кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Тийиштүү буйрукка борбор калаанын вице-мэри, Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы Азиз Алымкулов кол койгон. Ыйгарым укуктуу органдын атайын буйругунун негизинде жана борбордогу эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышынан кийин ишкерлер ишин жандандырууга мүмкүнчүлүк алышат. Буйруктун аткарылышын төрт райондун акими көзөмөлгө алат. Алар эми эреже бузгандар жоопкерчиликке тартылат.