Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 54 бейтап:
Бишкек ш. – 9;
Чүй облусу – 4;
Ош ш. – 15;
Ош облусу – 16;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 4;
Республика боюнча жалпы 1901 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
2020-жылдын 17-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 90 учур катталды:
Бишкек ш. – 36;
Чүй облусу - 29;
Ош ш. - 7;
Ош облусу - 6;
Баткен облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 3;
Талас облусу - 6;
Республика боюнча: 2562.
Жаңы катталган 90 учурдун ичинен:
Сырттан келгендер – 12 (13%);
Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 42 адам (47%);
Кайдан жуктурганы белгисиз – 36 учур (40%).
Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан 1 бейтап (36 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны 30 кишини түздү.
Ош облусттук бириктирилген ооруканасында бир бейтап COVID-19 вирусу тастыкталганы менен, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы эркек киши, жалпы статистикага киргизилди.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3544
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10664 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1160 адам жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 6;
Чүй облусунда – 12;
Баткен облусунда – 2;
Талас облусунда – 1;
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 495 учур катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Коронавирус илдетине чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун жайылышынын алдын-алуу үчүн үйдө обочолонгон бейтаптарды көзөмөлдөйт.
Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев саламаттык сактоо тутумуна жаңы алгоритмдерди киргизүү керек экенин белгиледи.
«Жарандар COVID-19ду коомдук транспорттон, базарлардан жана соода түйүндөрүнөн жуктуруп алууда. Акыркы эки күндө илдетти жугузгандар көбөйүп жатканы байкалды. Илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө жана белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек», - деди Кененбаев.
Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко текшерүүчүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.
Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, бир айга жабылат.
16-июнда Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан жаңы аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. 18-марттан 16-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2472 адамдан табылды, алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болду, 1844ү айыкты.