Бүткүл дүйнөлүк кургакчылыкка каршы күрөшүү күнү
Бул күндү белгилөө чечими 1995-жылдын январь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынып, биринчи жолу 1995-жылдын 17-июнь күнү белгиленген. Башкы Ассамблея 2010-жылдын январь айынан 2020-жылдын декабрь айына чейинки мезгилди кургакчылыкка каршы жана чөлдөргө арналган 10 жылдык деп жарыялаган. Максаты - кургап бараткан жерлерди коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттерге көмөктөшүү.
Кургакчылык жана климаттын өзгөрүшү – бир глобалдык коркунуч. Маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө кургакчылык жыл сайын 42 миллиард АКШ долларына барабар болгон айыл чарба продукцияларынын жок болушуна алып келет. БУУнун кургакчылыкка каршы күрөшүү боюнча конвенциясына кол койгон 191 өлкөнүн өкүлдөрү бул көйгөйгө каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жою маселелерин жыл сайын бир тематикада иш-чараларды уюштуруп, талкуулап келет. Кургакчылык – айлана чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Ар жыл сайын жердин чөлгө айлануусунан жана кургакчылыктан кырк эки миллиард доллар өлчөмүндөгү айыл чарба продукциясы алынбай калып жатат.
Дан чарбасы - айыл чарбанын негизги тармактарынын бири; Бул чарбада дан эгиндерин айдоо, алардан мол түшүм алуу негизги мааниге ээ. Падышалык Россиянын мезгилинде калкты дан азыктары менен камсыз кылуу маселеси чечилген эмес. Биринчиден, эгиндин түшүмдүүлүгү абдан төмөн болгон. Экинчиден, Россия жыл сайын эгиндин дүң жыйымынын 15-18% ын тышкы рынокко чыгарып турган.
Мисалы, Биринчи дүйнөлүк согуш алдында Россиянын жыл сайын тышкы рынокко саткан эгини дүйнөлүк экспорттун 1/4ин түзгөн. Үчүнчүдөн, кургакчылыктын болушу калкты көп кыйынчылыктарга учураткан. 1911-жылы өлкөдө кургакчылык болуп, 30 миллион дыйкан ачарчылыкка учураган. Төртүнчүдөн, айыл чарба шаймандарынын, унаанын жетишсиздиги, техниканын артта калышы дыйкандарга жерди өздөштүрүп, көп түшүм алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. 1-дүйнөлүк жана жарандык согуштар өлкөдөгү оор абалды ого бетер начарлаткан. Партия менен Совет өкмөтүнүн элдин жыргалчылыгын көтөрүүгө багытталган саясаты дан чарбасын өнүктүрүүгө алып келди. Жаңы экономикалык саясатка өтүү, азык-түлүк чачымын айыл чарба салыгы менен алмаштыруу эгин өндүрүүнү кескин түрдө жогорулаткан. 1925-жылы эле эгиндин дүң жыйымы 1-дүйнөлүк согуштун алдындагы деңгээлге жеткен. 1985-жылы 19,77 миллион гектар эгин эгүүгө жарактуу, бирок суу жетпеген жердин 19,1 миллион гектары , ал эми 14,1 миллион гектар кургатылган жердин 14,0 миллион гектары пайдаланылган. Азыр өлкөбүздөгү бардык дан эгиндери айдалган аянт 117,9 миллион гектарга жеткен. Кыргызстандагы бардык дан өсүмдүктөрү 533,7 миң гектар жерге айдалат (1985). Республикада 1990-жылга чейин 45 миң гектар сугат аянтын ишке киргизүү белгиленген.
2018-жылы Бишкекте үч күндүк Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп, анда Кыргызстандагы, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү экологиялык абал, климаттын өзгөрүшү, суу маселеси боюнча дүйнөнүн бир нече өлкөсүнөн келген эксперттер ой бөлүшкөн. Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик топ жаңы маалыматтарды сунуштап, планетадагы абанын орточо температурасы 2040-жылга барып, индустриалдык доордогу деңгээлге салыштырганда, цельсия боюнча 1,5 градустук босогодон ашып түшөөрү айтылган.
Эксперттердин пикиринде, мындай абал экстремалдык аба ырайынын тез-тез кайталанышына алып келип, кургакчылык, токойлордогу өрт, суу ташкындоолор, ошондой эле түшүм кыскарып, азык-түлүк тартыштыгы жаралып, дүйнөдөгү жүз миллиондогон кишилердин тагдырына таасирин тийгизээри белгиленген.
2019-жылдан тартып өлкөдө башталган кургакчылык үч-төрт жылга чейин созулушу ыктымалдыгын адистер эскертип, Токтогул суу сактагычына суу ашыгы менен толбоорун билдиришкен. Суу тартыштгынан энергетикал каатчылык жаралып, мамлекет коншу өлкөлөрдөн электр энергия импорттолуп баштаганын адистер айтышат.
Кургакчылык — жаан-чачындын жаз, жай мезгилдеринде узак же кыйла убакыт тартыш болушу. Мындай учурда абанын температурасы жогорулап, нымдуулугу төмөндөйт. Топурактын ным кору азайып, өсүмдүктөрдүн өсүмү начарлайт же таптакыр чыкпай калат. Кургакчылык адатта, антициклондун туруктуу болушуна байланыштуу. Кургакчылыкка каршы агротехникалык жана мелиорациялык, кыртышты коргоо, бак-дарак отургузуу ж. б. иш-чараларды жүргүзүү зарыл.