18-июндан тарта Бишкектин Ленин районунда 5 бала бакча ишин баштайт. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.
Буга чейин Свердлов жана Биринчи май райондорунун ар биринде 14төн бала бакча иштеп жаткан. Ал эми Ленин районунда эртеңден тарта 5 мектепке чейинки мекеме ишин баштайт. Аларда иштеген кызматкерлер коронавируска текшерүүдөн өтүү зарылчылыгынан улам, бала бакчалар ачылбай турган.
Ошондой эле, Октябрь районундагы бала бакчалар азык-түлүк менен камсыз болууда. Кийинки дүйшөмбүдөн тартып аталган райондогу мектепке чейинки мекемелер иштейт.