COVID-19 инфекциясынан дагы бир киши көз жумду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгон жаран Бишкектеги базарлардын биринде иштеген. Дарыгерлер жалпы өлкө жарандарына үйдөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгып, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, бет кап тагынуу тартибин, аралыкты жана гигиена эрежелерин так сактоого чакырат. POST1RIGHT
Дарыгерлердин сунуштамаларын толук аткарып, өзүн жана неберелерин кооптуу илдеттен сактайын деп Арстанбек Жайлообаев, эл көп чогулган жерге барбайт. Күндө бир маал таза абада сейилдөөгө чыгышпаса, зарыл жумуш болбосо, эшикке деле чыгышпайт. Үй-бүлөсүн санитардык эрежелерди сактоону талап кылып, бет кап кийип жүрүүнү унутпоого чакырат.
Акыркы сутка аралыгында коронавирус жуктурган 90 жаңы учурдун ичинен 36 жарандын кайдан жуктуруп алганы белгисиз. Андыктан кооптуу илдет коомдук транспорт же базарлардан сырткары дүкөндөн же көчөдөн деле жугушу мүмкүн.
"Беткап кийбей, социалдык аралык сакталбай жаткандыктан күн санап эпидемиологиялык абал курчуп, каза болгондор да катталууда. Акыркы бир суткада 1 бейтап каза болуп, анын башка өнөкөт оорулары жок экендиги аныкталган. Дарыгерлер билдиргендей, каза болгон 36 жаштагы жаран 11-июнда Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусуна тажыяга катышам деп барган.
Ушул тапта коронавирус жуктурган 33 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө. Күндөн күнгө коронавируска кайдан чалдыкканы белгисиз бейтаптардын көбөйүп жатышынан улам эксперттер бул көрүнүш вирус көчөгө тарап кеткенин айгинелейт дешет. Бет кап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо абдан маанилүү экенин эскертүүдө. Коомчулук бул вируска маани бербей, кадыресе эле мурунку жашоого киришип, коркунучтуу илдетке жоопкерчиликсиз мамиледен улам оору көбөйүп жатат.