Вирустун бар экенине ишенбөөчүлүк, санитардык эрежелерди сактабай, коомдук жайларда бет кап, кол кап кийбегенден улам илдет тез жайылып жатат дейт адистер. POST1RIGHT
Коронавируска чалдыккандардын арасында белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбековдун үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып, билдирүү тараткан. Анын айтымына караганда эжеси өзү жашаган аймактан ооруну жуктуруп алган.
Ал эми вируска каршы тест тапшырууда Рускулбековдун өзүнүн анализдери таза чыккан. Алып баруучу жарандарды кооптуу илдетке кайдыгер карабоого чакырат.
Ал эми Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынан 11 адам айыгып чыкты. 29-майдан бери бул ооруканадан 50 бейтап сакайып чыккан.
Ошондой эле, жагымдуу жаңылык, Жалал Абад облустук клиникалык ооруканасы менен Кадамжай райондук ооруканасынан бирден адам жана Араван райондук ооруканасынан 4 адам илдеттен айыгып үйлөрүнө чыгарылды.
Акыркы бир суткада жалпы 54 бейтап ковид-19 инфекциясын жеңип, ооруканадан чыкты. Бүгүн эле дагы 17 бейтап сакайып стационардан чыгарылды. Ушуну менен жалпы өлкө боюнча коронивирустан айыккандардын саны 1918 адамды түздү.