Күзөттөгү мээрман айым Жанна Абдраимова - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Күзөттөгү өмүр сакчылары туурасында түрмөгүбүздү улантабыз. Бул жолу, сөз Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы мээрман айымы Жанна Абдраимова туурасында болмокчу.  POST1RIGHT

Тобокелдүү аймакта иштеп жаткандардын бири - Жанна Абдраимова дарыланып чыккандарды үйлөрүнө узатып жатат. Ар бирине санитардык талапты сактоонун жол-жобосун түшүндүрүп, эскертүү баракчаларын колдоруна карматат. Айыгып чыккандардын мындан аркы саламаттыгы, дал ушул эрежени сактоодон көз каранды.

Ал арада, рациядан ковид-19 инфекциясы менен келген жаранды ооруканага кабыл алып, жайгаштыруу боюнча чакырык келди. Мындайда ыкчам аракетке келүү талап. Андан соң, бейтаптын өздүгүн бирдиктүү базага каттоо, ага шарт түзүү процедуралары башталат.

Бул иш бөлмө пандемия башталганы экинчи үйүнө айланган. Коопсуздук чарасына байланыштуу ушул жерде иштеп, жашайт. Такай бейтаптар менен байланышта болгон дарыгер, медициналык коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалган. Башкаларды камсыздоо да анын жоопкерчилигинде.

Мээрман айым эки баланын да мээримдүү энеси. Балдары менен видео чалуу аркылуу гана көрүшөт.

Адис оорунун бардыгына шек санап жаткан жарандарды, өз саламаттыгына кайдыгер карабоого чакырат. Үйдө болуп, ашыкча байланыштарды токтотуу - илдеттин жайылышын ооздуктоонун эң чоң куралы экенин айтат. Ошол эле учурда, өлүм менен өмүрдүн ортосунда арачы болгон ак халатчандардын ишине чоң салым болоорун белгилейт.

Жанна Абдраимова, бул кесибин 28 жылдан бери аркалап келет. Саламаттыкты сактоонун мыктысы.