COVID-19: Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал - 18.06.2020
Новость KTRK/videograp

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Ал Алай аймактык ооруканасындагы 73 жаштагы эркек киши. Жалпы каза болгондордун саны 31 кишини түздү.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек шаары – 5
• Чүй облусунда – 2
• Ош шаары – 4
• Нарын облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 509 учур катталды, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр –3 808. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 11 217 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 569 адам жатат.

2020-жылдын 18-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 657 учурга жетти.