Бүгүнкү күнгө чейин "118" ыкчам байланыш номерине 18 миңден ашык чалуулар болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин "118" ыкчам байланыш номери президенттин аппаратынын демилгеси менен түзүлгөн. "Бишкекте колл-борбор үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде ишке кирген. Аймактарда 15-майдан тарта жарандардын кайрылууларын кабыл ала баштады. Учурда өлкө боюнча 8 колл-борбордо 32 оператор иштеп жатат.
Аларга жалпы 18 миң 387 жарандан чалуулар болгон. Бишкек боюнча 14 миң 232, Чүй боюнча 671, Ысык-Көл боюнча 72, Таластан 312, Нарын боюнча 163, Жалал-Абадда 1 миң 377, Ош боюнча 1 миң 452 жана Баткен боюнча 101 чалуулар орун алган", - дейт ал. Исмаилова жарандардан эң көп чалуулар Бишкекте болгонун айтат. "118" кыска номери коронавируска байланыштуу суроолорго гана жооп берет. Тез жардам, анализдердин жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү кабыл албайт жана маалымат беришпейт.