"Ой ордо" ток-шоусунда омоктуу ойлор
Новость KTRK/videograp

Коронавирус тууралуу коомчулуктун маалымдуулугу болгон менен жоопкерчиликсиздиктен, кайдыгерликтен арыла албай жатышат. Мындай пикирин

Коомдук телерадиокорпорациясынын “Ой ордо” ток-шоусуна катышкан Саламаттык сактоо тармагынын адистери билдиришти. Көрсөтүүнүн меймандары элге айрым адамдардын вирус жок, бул атайын уюштурулуп жатат - деген маалыматтары чындыкка дал келберин айтышты.

Коронавирустун бар экенине коомчулук эч шектенбеши керек. Вирус болгону үчүн күндөн-күнгө ооругандардын саны көбөйүп, ал тургай бейтаптар каза болуп жатышат дейт КТРКнын“Ой ордо” көрсөтүүсүнө катышкандар. 

Короновирустан каза болгондор туурасында коомчулук арасында айтылып жаткан ар кандай маалыматтарга ишенбеш керек. Илдетке кабылган жарандардын айыгып кеткени дарыгерлер үчүн жакшы дешет адистер.

Салыштырып байкоо жүргүзгөндө карантин учурунда вирусту жугузгандардын саны бир кыйла төмөн болуп, 3-4 кишиден гана табылып жатса, эми бир суткада жугузгандардын саны 100дөп саналат. Бул 6 миллион Кыргызстан үчүн эң чоң көрсөткүч экендигин айтышат. 

Адистердин аныктамасына таянсак, вирустун белгилери байкалбаган түрүнө кабылбагандар имуниттети төмөн, өнөкөт оорулары бар ата-энелери менен улгайып калган жарандарга жуктурууда.

Дүйнөнүн бет кап кийип эрежени туура сактаган шаарларында вирусту жугузгандар аз. Ал эми сактык эрежелерин жакшы карманбаган аймактарда КОВИД-19 тездик менен жайылууда. Оорунун белгилери жок ковид-19га кабылгандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, ар бир жаран өз өмүрүнө жоопкерчиликтүү болушса дешет дарыгерлер.