Франциянын аба бекеттери санитардык эрежелерди сактоо менен иш жүргүзүүдө
Новость KTRK/videograp

Европанын аэропортторунда жаңы талаптарга ылайык, бардык санитардык эрежелер сакталууда. Франциянын Лион шаарындагы Сент-Экзюпери аба бекетинин кызматкерлери учуу-конуу тилкелерин текшерип, дезинфекциялоо иштерин байма-бай жүргүзүүдө. Аэропорттун кызматкерлерин тынчсыздандырган нерсе - COVID-19 вирусунун экинчи толкуну болуп кетүү коркунучу. Бирок Сент-Экзюпери аба бекетинде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу чаралары уюштурулган.

Аэропортто коммерциялык каттамдарды тейлөө 8-июнда жанданган. Бүгүнкү күндө аталган аэропорто 10дон 20га чейинки каттамдар гана жүрүп жатат. Аэропорттун бардык залдарында кылдаттык менен тазалоо иштери жүрүүдө. Адатта, суусундуктар жана таттууларды саткан дүкөндөрдөн вирустан коргоочу каражаттарды сатып алууга болот.

Аэропорттун имаратында маалымат кызматы менен медициналык жардам борбору бар. Мында иштеген эки жүздөн ашуун компаниялардын кызматкерлери жана саякатчылар бул жерге кайрыла алышат. Эгер зарыл болсо, медициналык адистер кызматта.

Айрым авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдөн COVID-19 жок экендиги жөнүндө квитанция талап кылышат. Азыркы тапта "Сент-Экзюпери" аркылуу 46 багытта жүрө аласыз. Коронавирустун кесепетинен келип чыккан кризиске чейин аба бекетинде күнүнө 350-400 каттам жүрүп турган.