Россиядагы аскердик клиникада коронавируска каршы вакцина сыналууда
Новость KTRK/videograp

Россияда Бурденко атындагы Башкы аскердик клиникалык ооруканасында 18 ыктыярчыга КОВИД-19 инфекциясына каршы вакцина берилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка ылайык, Коргоо министрлиги Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору менен биргеликте вирусту алдын алуу үчүн өлкөдөгү дарынын клиникалык сыноолорун расмий түрдө баштады. 9 киши вакцинанын бир түрүн, дагы тогузу башка түрүн алган. 

Бардык процесс медициналык мекеменин тажрыйбалуу адистеринин көзөмөлүндө өтүүдө. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ыктыярчыларда дарынын кыйыр таасири болгон жок. Азыркы тапта бардык ыктыярчылар медициналык адистердин көзөмөлүндө. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, вакцинанын алгачкы үлгүлөрүн ушул жылдын август же сентябрь айларында алууга болот.