Жалал-Абад шаарынын мэринен коронавирус аныкталды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус аныкталды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдиргендей, учурда Тагаевдин абалы туруктуу. 

Үй шартында дарыланууда. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги калаа башчысынан коронавирус аныкталганы тууралуу расмий маалымат түшө электигин айтышты. Буга чейин социалдык тармактарда Тагаевден COVID-19 17-июнда аныкталганы, 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатышканы жазылган.