Араван районунун акиминен коронавирус инфекциясы аныкталды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус инфекциясы аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. 

Лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөткөн. Учурда ал обочодо жана абалы жакшы экени айтылат. Аким карантиндик кырдаалда тынымсыз иштеген. Учурда Айтибаев менен чогуу иштегендер анализ тапшырууда. 

Кошумчалай кетсек, 19-июнга карата Ош облусунан 12 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен экөө Араван районунан чыккан.