Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны күн сайын көбөйүүдө. Бүгүн КОВИД-19 вирусун жуктурган 132 жаңы учур катталды. Бул өлкөдөгү илдеттин катталган эң жогорку көрсөткүчү. Мындан улам, жугуштуу илдетти жуктуруп алгандардын санынын көбөйүшү, өзгөчө кайдан жуктуруп алганынын белгисиз болуп жатышы дарыгерлерди да бушайман кылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Борбор калаанын 48 жараны вирус жуктурса, Ош шаарында - 13, Ош облусунда - 12, Таласта - 4 адам илдетке кабылган. Ал эми Жалал-Абад облусунда - 11, Чүй өрөөнүндө – 38, Нарын облусунда - 6 адамдан коронавирус табылды.
Акыркы күндөрү оорунун белгилери байкалбаган коронавирустук инфекцияны журтурган бейтаптар катталууда. Алар жугуштуу илдетти кайдан, кантип жугузуп алганына ишене албай, айран-таң. Эң өкүнүчтүүсү бүгүн дагы бир бейтап COVID-19 вирусунан каза болду. Көз жумган жаран Бишкек шаарынын 70 жаштагы тургуну болгон.