Өкмөт аппаратынын топтошуп, социалдык аралыкты сактабай, бет капсыз сүрөткө түшкөнү коомчулуктун катуу сынына кабылган. Анда мурдагы министрлер кабинетинин жетекчисин узаткан өкмөт аппараты карантин эрежелерин сактабай жатканын көрүүгө болот. Чогулуп сүрөткө түшкөндөрдүн арасынан бет кап тагынганын табуу кыйын. Социалдык коопсуздук аралыгы тууралуу сөз кылууга да болбойт.
Өлкө башчысы мындай нерселер буга чейин жасалган аракеттерди, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарганын белгиледи. Ал “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, коронавирус жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын билдирди.
Президент катардагы жарандарды да коронавирус илдетине олуттуу мамиле кылып, өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ал эрежени сактабаган өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылды. Ал эми жогорку кызмат адамдарынын буйругу менен сыртка чыгып сүрөткө түшкөн өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине мындай чара колдонулбашы зарыл экенин айтты.
Ушу тапта өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон сакталууда. Акыркы төрт күндөн бери илдетти жугузган жаңы учурлар күнүнө жүз адамдын тегерегинде болууда. Андыктан катардагы жарандан тартып бардыгыбыз карантиндик нормаларды сакташыбыз керек экенин дарыгерлер эскертүүдө.