Коронавирустун кооптуу арышы - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Коронавирусту жуктуруп алгандардын арасында мамлекеттик кызматкерлер да көп. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден КОВИД-19 табылып, учурда дарыланууда. Ал абалы туруктуу экенин биздин каналга видео байланыш аркылуу билдирди.

Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алып обочолонууда жаткан Араван районунун акими Курманбек Айтибаевден да кабар алдык. Аким карантин учурунда тынымсыз иштеген. Анын абалы туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин басма-сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу да коронавирусту жугузуп алгандыгын социалдык тармактарга билдирип, коомчулукту бул илдетке көңүлкош мамиле кылбоого чакырды.

Өпкөнү сезгенткен вирус Бишкек шаарынын мэриясында иштеген эки кызматкерден да табылгандыгын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Акыркы күндөрү вирусту жуктуруп, оор түрү менен ооруканага түшкөндөрдүн саны көп болуп жаткандыгын дарыгерлер да айтышууда. Бейтаптардын көбү аба жетпей демиккендиктен, кычкылтек аппаратына кошулган. Учурда бир эле Кыргыз-түрк ооруканасында 71 оорулуу жатат. 11 бейтаптын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө. Алардын дене табына, кан басымына ак халатчандар күндүр-түндүр көзөмөл кылышууда.

Учурда короновирусту жеңип чыккандар илдеттин алгачкы белгилери байкалган учурда эле дарыгерлерге байланышуу керектигин айтат. Ал тез сакайып кетүүгө өбөлгө болот.

КОВИД-19 вирусун жугузуп алгандардын көбү Бишкек шаарынан болуп жатат. Айрыкча иммундук тутуму алсыз жарандар илдетке тез кабылууда.