Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 192 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында 94 кишиден, Чүй облусунда − 62, Ош шаарында − 16, Ош облусунда − 14, Ысык-Көл олусунда – 2, Нарында – 2 жана Талас облусунда 2 адамдан коронавирус табылган. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2981ди түзөт. Алардын ичинен 1981 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.