Бишкектин мэринен коронавирус аныкталды
Новость

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, оору жеңил формасында өтүп, учурда ал обочолонууда. 

"Мэрдин алгачкы анализи вирусту көрсөттү, учурда кайталап тапшырды. Үч күндөн бери аралыкта иштеп жатат. Кичине дене табы көтөрүлүп турат”, — деп айтылат маалыматта. Кечээ Бишкек мэриясынан эки адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болгон.