Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, 59 жаштагы аял, 61 жана 62 жаштагы эркек адамдар илдеттин кесепетинен каза болду. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык ооруканасына 62 жаштагы эркек киши түшкөн. 15-июнда келгенде пневмония, респиратордук инфекциянын белгилери байкалган. Абалы өтө оор болгон. 8-июнда эле анын дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган. Укол алганына карабай абалы жакшырган эмес. Кийин жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулуп, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу каза болду. Анда пневмония жана жүрөк иштешинин жетишсиздиги байкалган. Ал эми Оштун Кара-Суу районунда 61 жаштагы эркек киши 17-июнда ооруп, дене табы көтөрүлүп, жөтөл коштогондуктан ооруканага кайрылган.