Казакстандык дарыгерлер алты кишилик палатага он беш кишиден жаткырып, күнүнө 20 сааттан иштеп жатканын айтып жатышат.
Өзгөчө абал алынгандан кийин өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны кескин түрдө өсүп кетти. 21-июнга карата Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясы жуккан 446 жаңы учур катталганын кабарлады. Жалпы өлкө боюнча вирус жуккандардын саны 17 225ге жетти. 118 адам кайтыш болду. Соңку күндөрү Алматы менен Нур-Султанда ооруканалар COVID-19 инфекциясы жуккан бейтаптарга толду. Орун жоктугунан ооруканалар оор акыбалдагы кишилерди гана кабыл алып жатканын билдирди.
«Ооруканада орун калбай калды. Бейтаптар аябай көп. Догдурлар 20-24 сааттан иштеп жатабыз. Дем ала албай кыйналып жаткан адамдар да коронавирустун бардыгына ишенишпейт. Ушундай мамиленин айынан илдет жайылып кетти. Жагдай оор. Азыр толук карантинде отурушубуз керек эле», - деди шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө иштеген догдур.