COVID-19: Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал - 22.06.2020 - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

2020-жылдын 22-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учур катталды:

 Бишкек ш. – 82;

 Чүй облусу - 33;

 Ош ш. – 25;

 Ош облусу – 20;

 Ысык-Көл облусу – 10;

Жалал-Абад облусу – 8;

 Талас облусу – 19;

 Нарын облусу – 6;

Республика боюнча: 3356.


Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-Турк ооруканасынан – 1 (аял киши, 1952 жылкы), Талас аймактык ооруканасынан – 1 (1952 жылкы, эркек), Ноокен аймактык ооруканасынан – 1 (аял киши, 1960 жылкы).

Жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.



Бир сутка ичинде өлкө боюнча  26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

Бишкек ш. – 6;

Чүй облусунда – 3;

Ош ш. – 2;

Ош облусунда – 4;

Баткен облусунда – 2;

Ысык-Көл облусунда – 6;

Нарын облусунда – 2;

Талас облусунда – 1;


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 582 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.


Бир сутка ичинде ооруканадан  чыгарылгандардын саны – 10 бейтап:

Бишкек ш. – 3;

Чүй облусу – 1;

Ош ш. – 1;

Нарын облусу – 2;

Талас облусу – 3;

Республика боюнча жалпы 2021 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


2020-жылдын 22-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 3 356 учурга жетти.

Стационарда – 571, алардын ичинен реанимацияда – 11;

Ооруканадан чыгарылды – 2 021;

Каза тапты – 40;


Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 289

Жалпы үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткан 724 киши турат.


"Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Ушуга байланыштуу, 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат”, - деп билдирди Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова.

Анын айтымында, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.