"118" түз байланыш кызматына кайрылган жарандар көп болгондуктан, чалуу борборлорунун линиясы көбөйтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Маалыматка ылайык, июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өскөн. Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Ал эми бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берет. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө.
Жарандар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылып, кеңеш ала алышат. Чалуу-борборуна кайрылгандардын 50 пайызы кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.