Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу белгилегендей, айрым булактар жазгандай, беш депутат ооруду деген маалымат чындыкка дал келбейт:
"Инфекция жуктурган депутаттар жана аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалыматы. Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы расмий маалыматты жакынкы минуттарда жарыялайт", деди Нуракун уулу.