Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Манас» эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясын көрүп чыкты.
Анын айтымында, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундар көбөйтүлүүдө. Карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата турган 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка ылайыкташтырылган. Мындан тышкары ушундай эле дагы 5 корпустун пайдалануу мүмкүндүгү караштырылып жатат.
Биринчи вице-премьер-министр карантиндик аймакты тейлеген кызматкерлер тарабынан коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертти жана аларды антисептикалык, дезинфекциялоочу жана жеке коргонуу каражаттары менен тийиштүү көлөмдө камсыздоону тапшырды.